AVN

“Алтын үн” кытайча ырлар конкурсу ЖАМУда

“Алтын үн” кытайча ырлар конкурсу ЖАМУда
 Nov 25, 2019  932

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунда Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө  карата областтык масштабда “Алтын үн” кытайча ырлар конкурсу өткөрүлдү. Иш-чараны окуу жайдын ректору, профессор К.Ж.Усенов өзү ачып, ЖАМУда кытай ырлары конкурсу биринчи жолу өткөрүлүп жатканын, тил үйрөнүүдө мындай тариздеги иш-чаралар тилди тереңдеп үйрөнүүгө өбөлгө болорун айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.

         Конкурска институттун бардык пунктуларынан – Сузак, Базар-Коргон райондорунан, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад шаарынан, ЖАЭАУдан, ЖАКтан жана институттун өзүндөгү курстардан болуп – жалпысынан 17 тил үйрөнүүчү катышты. Алар жаштык,  достук, сүйүү, ата-эне, келечек,  жаратылыш  жөнүндөгү ырларды кытай тилинде ырдашты. Аткарылган ырлардын  мазмуну,  музыкага дал келүүсү,  аткаруучунун  кытай сөздөрүн туура айтуусу, сахнада өзүн алып жүрүүсү, ырдын мазмунуна карай образ жаратуусу, үнүнүн уккулуктуулугу калыстар тобу тарабынан туура бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды:

 1-орун: Эркинбекова Мээримай

 2-орун: Канболотова Айдана

 3-орун: Келдибекова Айзирек

Алдыңкы 3 орунду алгандар БГУда өткөрүлө турган республикалык кытайча ырлар конкурсуна жолдомо алышты.

Калган катышуучуларга активдүүлүгү үчүн уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Мындан сырткары, конкурстун жүрүшүн институттун тил үйрөнүүчүлөрүнүн кытай тилиндеги көркөм окуулары коштоп турду.

ЖАМУнун ректорунун иш-чараны жыйынтыктап жаткан сөзүндө Конфуций  институту ачылгандан бери 3 жыл өтүп, бул аралыкта тил үйрөнүүчүлөрдүн  кытай  тилин жогорку деңгээде өздөштүрүп алгандыгы бүгүнкү иш-чарадан даана байкалгандыгы, курстун алдыңкы угуучуларынын Кытайда өз билимдерин ийгиликтүү улантып жаткандыгы айтылды. Ушундай ийгиликтерге жетүүдө жигердүүлүк менен иш алып барып жаткан институттун эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

  • “Алтын үн” кытайча ырлар конкурсу ЖАМУда