AVN







АЙТМАТОВДУН КЕРЕМЕТТЕРИ

АЙТМАТОВДУН КЕРЕМЕТТЕРИ
 Nov 25, 2019  873

Экономикалык-Юридикалык факультетинин Эл аралык укук (ЭУк) тайпасы үчүн куратордук сааттардын алкагында Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, улуу көрөгөч, жазуучу жана дипломат Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүнө карата жана ошондой эле бүгүнкү глобалдаштыруу замандында Ч.Т. Айтматовдун чыгармаларынын актуалдуулугуна жаштардын көңүлүн бурууга арналган “Айтматовдун кереметтери” деген темада ачык саат өткөрүлдү. 

Ачык сааттын программасына ылайык, студенттер, Ч. Айтматовдун дүйнөгө таанымал шедеврлеринин бири “Кылым карытаар бир күн” романынан жана “Бугу-эне” уламышынан үзүндү көрсөтүшүп, актёрдук чеберчиликтери менен бөлүшүштү.   ЭУк-1-18 тайпасынын студенти Зарипбек кызы Нуржамал ачык сааттын темасы боюнча төмөндөгүчө оюу менен бөлүштү.

 - Дүйнө элине таанымал улуу ойчул Ч. Айтматов атабыздын чыгармаларында азыркы мезгилдеги жашоого пайдалуу баалуулуктары бар.  Мисалы, Ч. Айтматовдун “Миндеген адамдардын арасында да сен жалгызсын, жалгыз өзүн калганда да жалгызсын...” деген учкул сөзүндө  кандай философия жатат.  Ч. Айтматовдун чыгармаларын жаштардын арасында жайылтышыбыз керек. 

Ачык саатта ЭЮФнин деканынын илимий иштери боюнча орун басары э.и.к., доцент Жолболдуева Дарыгүл Шамиловна жана “Мамлекет жана укуктун теориясы жана тарыхы” кафедрасынын башчысы, саясий илимдеринин кандидаты Бегимкулов Бегижан агайларкатышышты. 

  • АЙТМАТОВДУН КЕРЕМЕТТЕРИ
  • АЙТМАТОВДУН КЕРЕМЕТТЕРИ