AVN







БИЗ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫБЫЗ

БИЗ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫБЫЗ
 Nov 25, 2019  1596

Медицина факультетинин «Гигиена жана коомдук саламаттыкты сактоо» кафедрасында, “Биз коррупцияга каршыбыз” деген темада тарбиялык саат өтүлдү.

Аталган кафедранын башчысы Н.М.Темиров окутуучулар Ураимов Р. жана Токсонбаева Э.   тарабынан жогорудагы тарбиялык саат уюштурулуп,  ага  жалпы 35 студент катышышты.

Студенттер паракордукка канткенде жол бербөө жана алдын алуу керектиги жөнүндө кеңири  талкуулап өз ойлорун айтышты. Жаштардын сунушу менен аталган кафедрада  «жашыруун кутучасы» коюлду .

Медициналык факультетинде келечектеги өмүр  сакчылары билим алышат. Андыктан алар билимди өз күчү менен окуп, паракорлукка жол бербешине окутуучулар тарабынан түшүндүрүү  иштери жүргүзүлдү.

  • БИЗ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫБЫЗ