AVN







ЖАШТАР КЕЧЕСИ

ЖАШТАР КЕЧЕСИ
 Nov 23, 2019  679

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  “17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата”  Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында маданий эстетикалык борбору жана жаштар комитети уюштурган  “Жаштар кечеси”  өткөрүлдү.

Кеченин жүршүндө  маданий жана массалык иш чараларга активдүү жана окуудагы ийгиликтерге жетишкендиктери үчүн үлгүлүү студенттер  ЖАМУнун “Ардак” громаталары менен сыйланышты.

Жаштарды майрамы менен мамлекеттик тил жана социалдык иш боюнча проректору Айгул Доранова куттуктап, алардын окууларына жана жеке жашоолоруна ийгиликтерди каалады. “Татыктуу билим алып, келечекте тандаган кесибиңер менен элге кызмат кылган инсандардан болгула”.

Бул майрамдын тарыхына токтолсок, 1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда улутчул фашисттер тарабынан оккупацияланган студенттер жана окутуучулар өлкөнүн түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрация басып алуучулар тарабынан токтотулуп, медицина факультетинин студенти Ян Оплетал окко учкан. Анын өлүмү көптөгөн студенттерди кайрадан каршылык акциясына чыгууга мажбур кылган.
17-ноябрда жүздөгөн демонстранттар камалып, Чехословакиянын Студенттер кеңешинин тогуз активисти эч кандай соту жок атылган. Гитлердин буйругу менен согуш бүткөнчө чех окуу жайларынын бардыгы жабылган жана мүлкү конфискацияланган. 1989-жылы кайрадан студентердин демонстрациясы уланган.

  • ЖАШТАР КЕЧЕСИ
  • ЖАШТАР КЕЧЕСИ