AVN







“ДОСТУК КУБОГУ”

“ДОСТУК КУБОГУ”
 Nov 23, 2019  573

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети «Достук кубогу» аталыштагы интеллектуалдык таймаш өткөрдү.

Таймаш  ЖАМУнун Жаштар комитетинин колдоосу аркылуу  активдүү студенттердин демилгеси менен уюшулган. Ага  шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, жалпы 5 команданын ортосунда таймаш болгон.

Жаштар комитетинин өкүлү Искендер Зиябидин уулунун айтымында таймашка  ЖАМУнун студенттеринен команда катышкан эмес. Анын себеби, окуу жай уюштуруучу болгондугу менен түшүндүрдү. Ал эми таймашта тарых, спорт, дин жана музыка боюнча төрт багыттагы суроолор берилди.

Берилген суроолорго так жана туура жооп берип,  Т.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университети биринчи орунду, Укук бизнес билим берүү академиясы экинчи орунду, Нур колледжи үчүнчү орунду камтыган.

Бул иш чараны өткөрүү кезеги Ш. К. Токтомаматов атындагы эл аралык университетине эстафета катары өткөрүлүп берилди – дешет уюштуруучулар.

  • “ДОСТУК КУБОГУ”
  • “ДОСТУК КУБОГУ”
  • “ДОСТУК КУБОГУ”