AVN







КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ - 2019

КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
 Nov 23, 2019  562

Жалал-Абад мамлекеттик  университетинде “Көчмөндөр маданияты – 2019” аттуу фестиваль болуп өттү.

“2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата окуу жайдын факультет жана колледждеринде окуп жаткан студенттеринин арасында өткөрүлүп келген кезектеги   “Көчмөндөр  маданияты - 2019”  фестивалы орун алып, көчмөн элинин каада-салт, улуттук оюндары көргөзүлдү.

Катышуучулар жобого ылайык берилген тапшырмаларды аткарып, калыстар тарабынан бааланышты. ЖАМУнун социалдык иш жана мамлекеттик тилбоюнча проректору Айгул Доранова, “Көчмөндөр маданияты” фестивалы ар жылы салт катары өткөрүлүп келет. Муну менен жаштарга улуу элден калган улуттук салт-санаабызды, спорттук оюндарыбызды үйрөтүп, кийинки муунга мурас катары калтыра алабыз.

Көчмөндөр оюндарынын түрлөрү болгон ордо, күрөш,  аркан тартышмай өткөрүлүп жеңүчүүлөр аныкталды. Катышуучулар “Эң мыкты ордо командасы”, “Эң мыкты балбан”,  “Эң мыкты команда” номинациялары боюнча жарышышты. Спорт оюндарын ден-соолук борборунун жетекчиси Медербек уулу Жомарт көзөмөлдөдү.

  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019
  • КӨЧМӨНДӨР  МАДАНИЯТЫ - 2019