AVN







ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Nov 22, 2019  605

Медицина факультетинин «Фармация» кафедрасынын 2019-2020-окуу жылынын окуу графигине ылайык  ФАРМ-1-16 тайпасынын студенттерин практикага жөнөтүү  максатында конференция өткөрдү.

Конференцияда кафедра башчысы б.и.к.,доцент Ж.М.Орозбаева студенттерге  алгач техникалык коопсуздук эрежелери менен таанышуу керектигин айтып, өздөрүнүн жүрүм-турумун  жакшы алып жүрүүлөрүн түшүндүрүп кетти. Фармакогнозия предметинен жетекчи Н.Х.Разыкова студенттерди практиканын өтүү тартиптерин түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, студенттер  практикага Жалал-Абад илимий борбору, Жалал-Абад курорту, ВЛКСМ паркы, Токтогул паркында  айтты.Ошондой эле Контроль качество лекарственных средств предметинен жетекчиси А.С.Жоробаев Жалал-Абад областык клиникалык ооруканасынын №895 аптекасында болоорун түшүндүрдү. Студенттерге практиканын негизги максаты  теориялык жактан алган билимдерин практика жүзүндө ишке ашыруусун жогорулатуу экендигин айтып өтүштү жана студенттерге ийгилик каалап конференция жыйынтыкталды.

  • ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ