AVN







ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ

ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ
 Nov 22, 2019  689

Б.Осмонов атындагы   Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин медициналык колледжинин “Фармация жана Медайымдык  иш ” бөлүмүнүн окутуучулары  “Тарыхый  инсан Узакбай Абдукаимов” аталышындагы  тарбиялык  ачык  саат өткөрүштү. Ага Фарм-1-2-3-4-18 тайпаларынын студенттери катышышты.

 Тарбиялык ачык саатта  жазуучунун өмүр баянына, чыгармаларына, котормолоруна кенен токтолуп өтүштү. У. Абдукаимовтун “Майдан” романы көп аспектүү, көп пландуу Ата Мекендик согуш темасына арналган  роман.  Ошондой эле студенттер “Майдан ” романынан  сахналык  көрүнүш  көрсөтүштү.

      Тарыхый инсандарды эскерүү жумалыгын улантып  “Фармация жана Медайымдык иш ” бөлүмүнүн ФАРМ-3-19 тайпасынын студенттери катышкан “Доор инсаны Дооронбек Садырбаев 80 жашта” деген темада тарбиялык саат өтүлдү. Бул  тарбиялык саатта студенттер Д.Садырбаевдин өмүр таржымалы, маданияттагы  орду, саясаттагы  жүргүзгөн иштери өзгөчө кыргыз элим деп күйгөн патриоттук  курч сөздөрүн чагылдырып көрсөтүп кетишти.

Тарбиялык ачык сааттын максаты тарыхый инсандарды эскерүү менен бирге жаштарга ушул адамдардан үлгү алууга эли жерин сүйүүгө, патриоттулукка тарбиялоо.

  • ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ
  • ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ
  • ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ
  • ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ
  • ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ
  • ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ
  • ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ