AVN







ЖАМУ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИН 80 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ

ЖАМУ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИН 80 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ
 Nov 22, 2019  682

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети өткөргөн Д.Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция боюнча маалымат

 

2019-жылдын 20-ноябрында  КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети кыргыз Эл Баатыры Д.Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган «Кыргызстандын өнүгүшүндөгү Д.Садырбаевдин орду» аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүштү. Бул конференцияга КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, Жалал-Абад областынын райондорунун акимдери, шаарлардын мэрлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана ЖАМУнун профессор-окутуучулары курамы, студенттер катышты.

ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов кириш сөз сүйлөө менен конференция ачылып, КР гимни коштолду. Конференциянын 4 бөлүктөн турду.  1-бөлүк расмий болуп мында куттуктоолор айтылды.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Т.Ызабеков,

Ноокен районунун акими Э.Маматаев ,

Ала-Бука районунун акими Э.Абдыкадыров,

ЖАМУнун профессору А.Аширалиев,

К.Шарипов атындагы Эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору Т.Омошев куттуктоо сөз сүйлөштү.

2-Пленардык бөлүктө Д.Садырбаев тарабынан жазылган ырлар боюнча чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

3-бөлүктө төмөндөгүдөй докладдар окулду:

Эшиев А.М. ф.и.д., профессор - «Дооронбек Садырбаев- дин көркөм ой-

толгоолору»

Токоева Г.С. ф.и.д., профессор - «Дооронбек Садырбаевдин дүйнөтааны- мындагы тагдыр маселеси»

Токтогулова  Г.Т. ф.и.к., доцент - «Дооронбек Садырбаевдин философиялык ааламы»

Авазов Э.А. т.и.к., доцент - «Дооронбек Садырбаев; доор жана инсан»

4-бөлүк илимдин багыттары боюнча  секциялык иштерди камтыды. Конференциянын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты баяндамачылар дипломдор менен сыйланышты.

  • ЖАМУ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИН 80 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ
  • ЖАМУ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИН 80 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ