AVN







АКЫН ЖАНА АДАБИЯТЧЫ О.СООРОНОВ- 80 ЖАШТА

АКЫН ЖАНА АДАБИЯТЧЫ О.СООРОНОВ- 80 ЖАШТА
 Nov 22, 2019  744

Экономикалык-юридикалык факультетинде ноябрында  “Акын жана адабиятчы Омор  Сооронов- 80 жашта” деген аталыштагы куратордук ачык саат өткөрүлдү. Ачык саат “Финансы жана кредит” профилинин 4-курсунун ФКк-1-16 тайпасында тайпа жетекчиси Н.Ражабалиеванын жетекчилиги астында уюштурулган.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ноябрь айын “Илимдер айы” деп кабыл алынган. Ага ылайык, 10-ноябрь илим күнүнө  жана кыргыз элинин белгилүү акыны жана адабиятчы Омор Соороновдун 80 жылдык юбилейине карата илимий-конференция уюштурдук дейт аталган факультеттин деканы Айнура Аскарова.

Н.Ражабалиева Омор Соороновдун кыргыз адабиятына, маданиятына кошкон салымы өтө чоң экендигин белгилеп, буларга токтолду.  Кыргыз улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери, акын жана адабиятчы О. Сооронов кыйла жылдык чыгармачылык өмүрүн кол жазма адабиятын жарыялоо иштерине жумшаган. Анын аракети менен  Сайпидин Аксылыктын "Маджму-ат Таварих" баянын, Магзунинин "Фаргана кандарынын тарыхы" дагы башка тарыхый булактарды кыргыз тилинде которгон. Поэтикалык жыйнактардын, алты монографиялардын жана ар түрдүү макалалардын автору. Эки томдук Кыргыз Совет адабиятынын тарыхынын, жети томдук «Кыргыз адабиятынын тарыхынын» авторлошу болуп саналат.

Факультеттин деканы, э.и.д.,проф.А.Аскарова з сөзүндө адабиятчы жана акын О.Соороновдун чыгармачылыгы тууралуу сөз сүйлөп, студенттерге адабий чыгармаларды, анын ичинде  кыргыз акын жазуучуларынын чыгармаларын окуп туруу, силердин дүйнө таанууңарды кеңейтип, инсан катары адамдын калыптанышына чон салым кошот деп баса белгилеп кетти. Андан соң тайпанын студенттери акын жана адабиятчы Омор Соороновдун өмүр таржымалы, чыгармалары тууралуу баяндамаларды окушуп, эсселерди жазышты жана ырларын көркөм окуп беришти. Тайпанын студенти  Ырысбай кызы Кызжибек  О.Соороновго арнап ыр саптарын окуп берди:

Сооронов Омор агам ким эле,

Алп зымырык учкан куш эле.

Ааламдын баарын гүлдөтүп,

Акындыкка жол салган.

 

Ай ааламга алтын нурун чачкан агам,

Акындар айтып бүткүс дастан агам.

Аааламды билим менен сугардыңыз,

Аллахым узун өмүр берсин агам.

 

Беш манжадай белгилүү го ал жагы,

Адабиятчы, акын ага аттанып сиз.

Ташка тамга баскандай таанылыпсыз,

Ардакатап сыйлап келет уул,кызыңыз.

  • АКЫН ЖАНА АДАБИЯТЧЫ О.СООРОНОВ- 80 ЖАШТА
  • АКЫН ЖАНА АДАБИЯТЧЫ О.СООРОНОВ- 80 ЖАШТА