AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ОЛИМПИАДАДА 2-ОРУНДУ АЛЫШТЫ

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ОЛИМПИАДАДА 2-ОРУНДУ АЛЫШТЫ
 Nov 21, 2019  795

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери олимпиадада 2-орунду багындырышты.

Медицина факультетинин чет элдик студенттери Бишкек шаарындагы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда, И.К. Ахунбаевдин 80-жылдык маарекесине карата «Морфология» кафедрасы уюштурган «Медициналык паразитология» аттуу олимпиадага катышып келишти.

Студенттер олимпиаданын жүрүшүндө активдүү катышып, жобого ылайык берилген тапшырмаларга жооп беришип 2-орунду ээлешти. Жеңишке жетишкен студенттерге уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

Студенттерди олимпиадага Медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Темирова Аида, Максатбеков Абай, Асанова Согдиана   даярдашкан. Белгилей кетсек, олимпиадага 6 жогорку окуу жайдын студенттери катышкан. Алар, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз Эл аралык университети жана Кант медициналык иститутунан бештен студент катышкан.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ОЛИМПИАДАДА 2-ОРУНДУ АЛЫШТЫ
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ОЛИМПИАДАДА 2-ОРУНДУ АЛЫШТЫ