AVN







ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ 80 ЖАШ

ДООРОНБЕК  САДЫРБАЕВ 80 ЖАШ
 Nov 21, 2019  703

Жалал-Абад колледжинин Табигый-техникалык бөлүмүнүн

 “Автоматташтырылган  системалар жана математика”  ПЦКсы  Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган илимий конференциясы уюштурду.

“Илимий  конференцияга БАС жана ПОВТАС адистигинин студенттери жана илимий жетекчилери катышып, Д. Садырбаевдин өмүр таржымалы, эмектери жөнүндө баяндамаларды окушту.

Катышкан студенттер илимий темаларынын үстүндө  презентацияларды, веб баракчаларды даярдашкан.

Конференцияга ЖАМУнун ПжМТнын БАС кафедрасынын ага окутуучусу Б.Ж.Раева келип катышып, Artisteer программасында “Доор адамы-Дооронбек Садырбаев”деген темада автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгууда, Д.Садырбаевдин басып өткөн өмүрлүк жолун баяндап, анын баатырдыгын, эрктүүлүгүн, эл үчүн күйгөн патриоттуулугун баса белгилеп, презентациясын көрсөтүп, өзүнүн ар түрдүү ой пикирин айтты.

Конференциянын жыйынтыгында I, II, III-орундагы дипломдор менен сыйланышты.

Эске салсак, Дооронбек Садырбаев азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) 1939-жылы 13-февралда туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

Ошондой эле 1995-2008-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан.

  • ДООРОНБЕК  САДЫРБАЕВ 80 ЖАШ
  • ДООРОНБЕК  САДЫРБАЕВ 80 ЖАШ
  • ДООРОНБЕК  САДЫРБАЕВ 80 ЖАШ
  • ДООРОНБЕК  САДЫРБАЕВ 80 ЖАШ
  • ДООРОНБЕК  САДЫРБАЕВ 80 ЖАШ