AVN







КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 30 ЖЫЛ

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 30 ЖЫЛ
 Nov 21, 2019  665

Табигый-техникалык факультетинин  Химия кафедрасынын     Х-1-17                 тайпасынын  ”Кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарылышына 30 жыл” деген  темадагы кураторлук саат өткөрүлдү.

Быйыл кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары кабыл алганына туура 30 жылдын жүзү болду. Ата-бабаларыбыз сүйлөгөн, бизди улут катары айгинелеген кыргыз тилибиз кылымдарды карытып, бүгүнкү күнгө чейин жетип келди. Демек, улуу Кыргыз элинин эне тили бүгүнкү күндө да өзүнүн ордун жоготкон  жок. Кылымдар бою, миңдеген жылдар бою келе жаткан эл өзүнүн тарыхын, маданиятын, каада-салтын, эң башкысы кыргызды кыргыз кылган – анын тилин сактап келген. Дүйнөдөгү тарыхы улуу элдердин бири – кыргыз эли дейт кафедра башчысы Н. Арстанбекова .

Мына ушуга байланыштуу Х-1-17 тайпасынын студенти Нурэл Маданбекованын “Кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарылышына 30 жыл ” аттуу баяндамасы угулуп, анда мындан туура 30жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыялангандыгы айтылды.

Талкууга А. Алиева, Н.Рысбаева, Г.Молдошева, А.Болотбековдор катышып, тил жөнүндө өз ойлорун ортого салышты.

  • КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 30 ЖЫЛ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 30 ЖЫЛ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 30 ЖЫЛ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 30 ЖЫЛ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 30 ЖЫЛ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 30 ЖЫЛ