AVN







Т.УСУБАЛИЕВ - МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР

Т.УСУБАЛИЕВ - МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР
 Nov 18, 2019  615

Жалал-Абад колледжинин  СРк-МЧББк-2-19 тайпасынын куратору М.Кыбыраеванын жетекчилиги менен 1-курсттун студенттерине Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата "Т.Усубалиев - мамлекеттик ишмер"деген темада куратордук саат өткөрүлдү.

Ага колледждин педагогика-социалдык иштер бөлүмүнүн  башчысы А.Ташматова жана кураторлор А.Кыргызбаева, М.Торобековалар катышышты.

Студенттер Т.Усубалиев жөнүндөкенен  маалыматтарды алышып, анын басып өткөн жолу, аткарган эмгектери жөнүндө талкуулашты. Өтүлгөн тарбиялык саатта студенттер топторго бөлүнүп ,презентация жасашты. “Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата окуу жайда түрдүү иш-чаралар уюшулууда. Мындай тарыхый улуу инсандардын эмгегин эстеп, кийинки муунга жеткирүү менен  жаштардын патриоттук сезимин ойготуп, чыгаан инсан болуусуна түрткү бере алабыз” – дейт куратор.

  • Т.УСУБАЛИЕВ - МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР
  • Т.УСУБАЛИЕВ - МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР