AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
 Nov 18, 2019  528

Медицина факультетинин “Медициналык-биологиялык дисциплиналар” кафедрасынын жалпы жамааты улгайган курактагы адамдардан кабар алышып, адистер атайын ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп, күнүмдүк керектелүүчү витаминдүү азык-түлүктөрдү тапшырып келишти. Бул тууралуу аталган кафедрасынын башчысы Б.К. Эрназарова билдирди.

“Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” акциясынын алкагында Жалал-Абад шаардык социлдык өнүгүү башкармалыгынын ДМЧА жана улгайган жарандар бөлүмүндө каттоодо турган 1 жарандан кабар алышты.

Улгайган карылардан кабар алуу, аларга кам көрүү ар бир Кыргызстандык жарандарынын милдети деп ойлойм. Алар да убагында мамлекет үчүн эмгектенип, өлкөнүн өнүгүүсүнө азда болсо өз салымдарын кошуп, бизге бейпил жашоо тартуулашкан” – дейт Б.К. Эрназарова.

  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА