AVN







«МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»

«МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»
 Nov 15, 2019  701

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Мен ЖАМУну таңдадым – 2019” аттуу студенттерди 1-курска кабыл алуу аземи болуп өттү.

Азем Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында уюшулуп, окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов баштаган профессордук-окутуучулук курам жана 1-курстун студенттери катышышты.

Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин ректору техника илимдеринин доктору, профессор, Усенов Кеңешбек Жумабекович куттуктоо сөзүн айтып, жогорку билимге ээ болуп, келечектин мыкты адиси болгула. “Ар бир кесип ардактуу, көнүлүңөр сүйгөн кесипти аркалап, мамлекеттин гүлдөп өсүүсүнө салым кошосуңар деген изги тилек менен билим берүүдөбүз. Силердин келечегиңер үчүн, татыктуу билим алууга окуу жай тарабынан шарттар түзүлгөн жана заман талабына ылайык материалдык-техникалык база чыңдалып, ар жылы өзгөрүүлөр болуп келет” – деди ректор.

 ЖАМУнун студенттеринин катарына быйыл жаңы келген 1-курстун студенттерине “Студенттик  билет”, “Сынак китепчеси” жана “Билим ачкычын” тапшырды.

Жаштарга майрамдык маанай тартуулоо максатта маданий-эстетикалык борборунун адистери, студенттер менен биргеликте концерттик программа тартуулашты.

 

                              Күүгүмү жок аппак сулуу таңдар ай,

Күлкүгө бай, сүйүүгө бай, шаңга бай.

Көкөлөтүп көңүл кушун көтөргөн,

Кандай сонун студенттик күндөр ай.

Бир кезде алыс-алыс жактан элек,

Бир кезде таанышпаган жаштар элек,

Таанышып түбөлүккө дос болууга

                               Болду го студенттик күндөр себеп

  • «МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»
  • «МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»
  • «МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»
  • «МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»
  • «МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»
  • «МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»
  • «МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»
  • «МЕН ЖАМУНУ ТАҢДАДЫМ - 2019»