AVN







МУГАЛИМДЕР КүНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

МУГАЛИМДЕР КүНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Oct 18, 2017  1056

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында  “ Экономика жана юридика” факультетинин мугалимдери тарабынан ыр кесе болуп өттү.  Ага окуу жайдын мугалимдери жана студенттери күбө болушту.

     Ыр майрамда ЖАМУнун ректору К. Усенов жалпы мугалимдерди майрамы менен куттуктап, алардын иштерине ийгиликтерди каалады.

     Ыр кеседе аталган факультеттин 24 мугалими өз өнөрлөрүн тартуулап, Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасын сахналаштырышкан. Ошондой эле башка дүйнөлүк чыгармалардан да театрлаштырып, көрүүчүлөргө  тартуулашты. Ыйман, адеп жана маданият жылына карата жаштарга тарбия берүү максатында атанын балага болгон мамилесин чагылдырып, жалпы көрүүчүлөрдү тарбияга үндөп кетишти. Мугалимдердин айтымында жаштардын улууларга болгон сый-урматы солгундоодо. Андыктан келечек муунга үлгү болчу чыгармалар  көбүрөөк чагылдырылган.