Конфуцийде жаңы окутуучуларды, волонтерлорду тосуп алуу аземи болду
Nov 14, 2019 640
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтуна 2019-2020-окуу жылынын сентябрь, октябрь айларында келишимдин негизинде көрсөтүлгөн мөөнөт менен иштеп кетүүгө жаңы кытай окутуучулары, волонтерлору келишкен. Окуу жайда аларды меймандостук менен тосуп алуу аземи уюштурулду.
Иш-чарада ар бир окутуучунун, волонтердун өмүр баяны, иш тажрыйбасы слайдда көрсөтүлдү. Келген кызматкерлер Кыргызстанга, Жалал-Абад шаарына келгендеги биринчи сезимдери, бул жерде иштөөдөгү максаттары, иш тажрыйбалары жөнүндө айтып беришти. Бири-бири менен, институттун жетекчилиги, тил үйрөнүүчүлөрү менен жылуу маанайда пикир алышышты. А түгүл, өз өнөрлөрүн да көрсөткөнгө жетишишти.
Институттун волонтеру Луо Зимо: “Мен 2017-окуу жылында бир жыл волонтер болуп иштеп кеткенмин. Экинчи жолу да Жалал-Абад мамлекеттик университетинде волонтер болуп иштөөнү тандадым. Анткени бул жерде иштеген кызыктуу. Жаштарда тил үйрөнүүгө болгон каалоо чоң. Окуу жайда буга эң жакшы шарттар түзүлүп берилген”, - деп оюн билдирди.
Белгилей кетсек, келишим боюнча Кытайдан ар жыл сайын бир жылдык, эки жылдык мөөнөт менен кытай тилин жогорку деңгээлде үйрөтүү үчүн мугалимдер, волонтерлор келип иштеп кетишет.