AVN







"ӨНӨРЛҮҮ ӨЛБӨЙТ"

 Nov 13, 2019  1340

ЖАМУда  "Азада азадасы акындардын" деген аталышта тегерек стол болуп өттү.Тегерек стол талант дареметине гана сыйынып, адабияттын азап-тозоктуу сыноолоруна туруштук берип, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп,кудай берген аздек сезимин гүлдөй асырап окурман журтунун жүрөгүнөн түнөк таап, калкына адабий бай мурас калтырган акын-прозаик жана да аял затына тиешелүү назиктиги наздуулугу менен катар эр жигитке тиешелүү айкөлдүгү, кылычтай өткүр мүнөзү,чукугандай сөз тапкан чечендиги менен замандаштарын суктандырган Азада Бегимкулованын туулган күнүнө арналды.

Азада арабызда болгондо быйыл 69 жашка толмок. Өмүрү кыска экен 46 жаш курагында бул дүйнөдөн жүзүн буруп кете берди. Элибиз айткандай: "Өнөрлүү өлбөйт" деди  ЖАМУнун доценти, "Азадабегим" чыгармачыл жаштардын ийрим  жетекчиси А.Кадырова .

А. Кадырова 2001-жылдан бери аталган ийримди  жетектеп, акын прозаиктин туулган күнүнө карата салттуу отчеттук иш-чараны ар жылы үзгүлтүксүз өткөрүп келе жатат.

Азаданын экинчи өмүрү чыгармачылыгында уланып жатат жана да улуна бермекчи.Силер анын адабий мурасы аркылуу ысымын атап,минтип ырларын үн кубултуп көркөм окуп, обондуу ырларын созолонтуп ырдап, мокумуңарды кандырып жан дүйнөңөрдү тазартып, акын эжеңердин талантына таазим кылып отурасыңар. Силерден киийнки муундар дагы Азаданы дал ушул адабий мурастары аркылуу таанып билип эскере бермекчи – деген оюн айты.