AVN







ЖАМУнун СТУДЕНТТЕР МЭРИЯ ТАРАБЫНАН СЫЙЛАНЫШТЫ

ЖАМУнун СТУДЕНТТЕР МЭРИЯ ТАРАБЫНАН СЫЙЛАНЫШТЫ
 Nov 12, 2019  611

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттери Жалал-Абад шаардык Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган "Жаштар кечеси 2019" иш чарасына барып активдүү катышып келишти. Иш чаранын жүрүшүндө коомдук иштерге активдүү катышып, жаштар саясатын өнүктүрүүдө өз салымдарын кошуп жана окуудагы жетишкен ийгиликтери эске алынып студенттерге сыйлыктар берилди.

Жалал-Абад шаарынын мэри тарабынан Ардак грамота менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитетинин мүчөлөрү, Филология факультетинин "Англис тили жана адабияты" кафедрасынын 3-курсунун студенти Сыргабаева Айназик, "Немец тили жана адабияты" кафедрасынын 3-курс студенти Курбаналиева Асель жана Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин "Социалдык иш" адистигинин 3-курс студенти Бакиров Азамат сыйланды. Ошондой эле Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин тарых адистигини 3-курс студенти Зиябиддин уулу Искендер "Мыкты студент" номинациясына ээ болду.

  • ЖАМУнун СТУДЕНТТЕР МЭРИЯ ТАРАБЫНАН СЫЙЛАНЫШТЫ
  • ЖАМУнун СТУДЕНТТЕР МЭРИЯ ТАРАБЫНАН СЫЙЛАНЫШТЫ