AVN







КОНФУЦИЙДЕ «АЛТЫН КҮЗ» МАЙРАМЫ БОЛДУ…

КОНФУЦИЙДЕ «АЛТЫН КҮЗ» МАЙРАМЫ БОЛДУ…
 Nov 12, 2019  586

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун окуу пунктуларында “Алтын күз” майрамы өткөрүлдү.

Ар бир окуу пункутунда бул иш-чара ар кандай формада уюштурулду. Базар-Коргон районундагы О.Атабекова атындагы №30 инновациялык гимназияда сүрөт конкурсу, Жалал-Абад шаарындагы Билимканада сабак-слайд, ЖАЭУда, ЖАКта, “Нур” колледжинде  ачык сабактар ж.б. өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты кытай-кыргыз элдеринин жаратылыш кубулуштарына, мезгилдерге болгон мамилесинин окшоштугу, адам менен жаратылыштын ортосундагы ажырагыс биримдикти сезүү, табятты сүйүү, коргоо болуп, аны менен биргеликте кытай тилин терең үйрөтүү болду.   

Иш-чарага ар бир кытай окутуучусу, волонтеру өз тил үйрөнүүчүлөрү  менен активдүү катышышты.

Институттун окутуучусу Жанг Линг: “Биздин институтта кытай тилин үйрөнүп жаткан ар бир окуучунун ар бир күнү кызыктуу, маанилүү болуш керек. Бул жолу мен өз окуучуларым менен, мектеп жамааты менен күз майрамын жогорку деңгээлде өткөрдүм. Эң кызыгы, күз темасында сүрөт конкурсунда көпчүлүк балдар Күндү тартып башташкан. Кытай эли да күзүндө Күнгө өзгөчө маани беришип, даңташат. Демек, жер жүзүндөгү бардык адамзаттын Күнү бир! Күн алдында жашоо-тиричилик уланып, жашап жатканыбызды сезгенибиз кандай жакшы! ”-деп оюн билдирди.

  • КОНФУЦИЙДЕ «АЛТЫН КҮЗ» МАЙРАМЫ БОЛДУ…
  • КОНФУЦИЙДЕ «АЛТЫН КҮЗ» МАЙРАМЫ БОЛДУ…
  • КОНФУЦИЙДЕ «АЛТЫН КҮЗ» МАЙРАМЫ БОЛДУ…
  • КОНФУЦИЙДЕ «АЛТЫН КҮЗ» МАЙРАМЫ БОЛДУ…