AVN

УЛУУ ИНСАНДАР ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАМАЛАР ОКУЛДУ

УЛУУ ИНСАНДАР ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАМАЛАР ОКУЛДУ
 Nov 12, 2019  714

2019-жыл  «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата ПМТФнын "Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы" тарабынан уюштурулган   иш-чарага болуп өттү.      Иш-чарага Тарых кафедрасынын окумуштуулары конок катары чакырылып, мыкты доклад жана маалыматтар менен бөлүшүп суроо жооптор менен аяктады.

Иш-чарада  белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Т.Усубалиевдин  100 жылдыгы, Д.Садырбаевдин 80-жылдыгы, белгилүү акын адабиятчы жана фольклорчу О.Соороновдун чыгармачылыгына арналган тегерек стол кызыктуу талкуу менен өткөрүлдү. Тегерек столдо улуу инсандар боюнча баяндама окулуп, студенттерге терең маалыматтарды БАС кафедрасынын башчысы п.и.к.,доцент С.М.Ажыкулов, т.и.к.,доцент Э.А.Авазов, ага окутуучу Б.Ж.Раева,окутуучу Ы.Батырова, т.и.к.,доцент Г.Анарбаевалар  айтып, кыргыздын сыймыгы болгон инсандарга таазим кылып, үлгү алып, чынчыл, аракетчил, эң негизгиси адамдык сапатта болушубуз керек деп токтолушту.

Кафедранын айтымында мындай иш-чараны жаңы муундарга жеткирип туруу биздин милдет деп баса белгилешип мындай иш-чаралар улантарын белгилешти. 

  • УЛУУ ИНСАНДАР ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАМАЛАР ОКУЛДУ