AVN







МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ

МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ
 Nov 6, 2019  690

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чара  Барпы театрында өткөрүлдү. Маданият тармагында  кызматкерлерди куттуктап ар тармактагы өкүлдөрү келишти. Ага жалпысынан беш жүздөн ашык киши катышты. Куттуктоо үчүн иш-чарага  Жалал-Абад шаардык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси И.Масабиров баштаган кызматкерлери,

Жалал-Абад шаардын вице- мери Р.Алтымышов, ӨКМ, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, областтык оорукана, ИИББ, Жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери, жеке ишканалардын өкүлдөрү келишти. Ошондой эле ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  педагогика адистигинин студенттери  активдүү катышышты. Ар бир ишкананын өкүлдөрү куттоктоо сөздөрүн айтышты.Таттыктуулары грамота,төш белгилер менен сыйланышты. Барпы театрынын  28-сезондун ачылышына театрдын кызматкерлери жазуучу М.Байжиевдин “Адашкан адам” драмалык спектакли менен баштады.Концерттик программа менен коштолду. Спектакль көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, ыраазычылыктарын билдиришти.

  • МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ