AVN







АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВГО 130 ЖЫЛ...

АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВГО 130 ЖЫЛ...
 Nov 5, 2019  719

Экономикалык-юридикалык факультетинде, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун өмүр жолун таанытуу максатында   Юк-18 тайпасында   куратордук ачык саат өткөрүлдү.  

Улуу инсандарды таанып билүүгө алардан үлгү алууга кызыккан студенттер  куратордук ачык саатка активдүү катышты - деп билдирди куратору З.Кошалиева

Абдыкадыр Орозбеков- акыйкаттыкты, тактыкты  биринчиге койгон чыгаан инсан болгон. Анын “акыйкат акыры  жеңет, ажал  бизди алып кетсе эл эмгектен эскерет”-деген сыяктуу асыл сөздөрү азыр да айтылып жүрөт.

Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында турган, 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жумушчулар, дыйкандар жана солдаттар советинин облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

Абдыкадыр Орозбеков 1927-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын

Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана биринчи мамлекет башчы болгон.

  • АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВГО 130 ЖЫЛ...
  • АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВГО 130 ЖЫЛ...