AVN







МААЛЫМАТ КАТ

 Nov 5, 2019  902

2019-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргыз Эл Баатыры Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Конференциянын ишине коңшу республикалардан саясий, искусство ишмерлердин, окумуштуулардын катышуусу күтүлүүдө.

Конференцияга катышууну каалагандар (03722) 2-16-02, +996 771 990 535, e-mail: jagunauka@rambler.ru дарек боюнча байланышсаңыздар болот.

 

Конференциянын илимий багыттары:

 

  • Математика жана физикалык багыт
  • Педагогика жана филологиялык багыт
  • Гуманитардык илимдер жана Социалдык багыт
  • Техникалык багыт
  • Юриспруденция, Экономикалык багыт
  • Айыл чарбасы жана Экологиялык багыт

 

Илимий макалалар электрондук түрдө 2019-жылдын 10-ноябрына чейин jagunauka@rambler.ru электрондук дарек аркылуу кабыл алынат. Макалаларды басып чыгаруу рецензиялоонун натыйжасында жүргүзүлөт. Акы төлөө төмөнкү дарек боюнча кошумча билдирүүдөн кийин жүргүзүлөт:

 

ИНН: 00204199310021

ОКПО: 02169080

БИК: 440001

Алуучу Банк: Борбордук казына МФ КР

Эсебинин коду: 4408011103002212

Төлөм коду: 14232900

 

Макалаларга коюлган талаптар:

 

  1. Макаланын көлөмү А4 форматында 5 баракчадан кем болбогон word 2007 редакторунда терилүүгө тийиш;
  2. Беттердин параметрлери: үстү - 2,2см, асты – 2,2см, оң жактан 2,2см, сол жактан - 2,2см;
  3. Шрифт: Times New Roman (кегель - 11), аралык – 1;
  4. Макаланын сол жак бурчунда УДК коюлат, андан кийинки жолчого макаланын аталышы чон тамгалар менен борборлоштурулуп (кыргыз, орус, англис тилинде) жазылат. Кийинки жолчодон (бир чегинүү менен) авторлордун аты – жөнү, инициалдары курсив менен (кегель 11) алардын иштеген жерлери (кыскартыл бастан) шаар, мамлекет, e-mail жазылат.
  5. Кийинки жолчолорго макаланын тексти жазылат.
  6. Макалалардан кийин адабияттардын тизмеси келтирилет.
  7. Макалалар авторлор тарабынан кылдат редакцияланууга тийиш

 

Макалалар «ЖАМУнун жарчысы» журналына басылып чыгарылат. «ЖАМУнун жарчысы» РИНЦке катталган жана импакт-фактору 0,0145.

 

Уюштуруу комитети

 

 

 

Конференцияга катышуу үчүн жолдомо

 

Ф.А.А.

 

1.

Окумуштуулук наамы, даражасы

2.

Иштеген жери, кызматы

3.

Макаланын темасы жана багыты

4.

e-mail:

5.

Жатаканага муктаждыгы:

Ооба, жок

 

Заявка на конференцю

Ф.И.О.

 

1.

Ученая степень, звание

2.

Место работы и должность

3.

Тема статьи и направление

4.

e-mail:

5.

Нуждаетесь ли в гостинице:

да, нет