AVN

Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү КНУда...

Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү КНУда...
 Nov 2, 2019  633

«Мыкты речь» аттуу кытай тили боюнча дүйнөлүк студенттер арасындагы сынактын XVII туру Бишкек калаабыздагы Ж.Баласагын атындагы КНУда  өткөрүлдү. Конкурска Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда өткөрүлгөн «Мыкты речь» тандоо турунун жеңүүчүлөрү - Кенжебай уулу Бекзат (ЖАКтын кытай тили адистигинин студенти), Абдусалиев Баатырбек (ЭЮФтун кытай таануу адистигинин студенти), Раймкулов Бекмамат (ЖАЭУнун студенти) катышышты.

Конкурска Кыгызстандагы бардык Конфуций институттарынын 1-турдун 20 жеңүүчүсү чакыртылган. Алардын сүйлөө речи, картинкаларга карап кытайча текст түзүүсү, суроолорго жооп берүүсү, сахнада өзүн алып жүрүүсү каралды. Натыйжасында, институттун 3 катышуучусу –  Абдусалиев Баатырбек 85 упай, Кенжебай уулу Бекзат 81 упай, Раймкулов Бекмамат 75 упай топтошуп, ЖАМУдагы Конфуций институтунда кытай тилин үйрөтүү жакшы жолго коюлуп бара жаткандыгын көрсөтүшүп, атайын алкыш, баалуу байгелер менен кайтышты.

Конкурсант Баатырбек төмөнкүдөй ой бөлүштү: “Бул сынактан биз өзүбүздүн күчтүү жана алсыз жактарыбызды көрдүк. Оозеки кептен, текст түзүүдөн жакшы упай топтой алдык. Дагы да көп окуп, көп аракеттерди көрүшүбүз керек экен. Башка институттардан катышкан студенттер менен таанышып, достоштук. Бизге ишенип чоң конкурстарга жиберген ЖАМУнун жана Конфуций институтунун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз”.

Эске салсак, “Мыкты речь” сынагы – Конфуций институндагы салттуу өткөрүлүүчү иш-чараларынын бири. Бул конкурста тил үйрөнүүчүлөргө кытай тилин канчалык деңгээлде үйрөнүп жатышкандыгын өз электеринен өткөрүп туруу мүмкүнчүлүгү каралган.

  • Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү КНУда...