AVN







МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИ

МИЛДЕТТҮҮ  МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ  ПОЛИСИ
 Nov 2, 2019  711

Педагогика жана маалымат технолоргиялары факультетинин студенттери менен  Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери  жолугушту.

Жолугушуу ЖАМУнун чоң жыйындар залында орун алып, “КРнын жарандарын медициналык жактан камсыздандыруу” жана “Милдеттүү  медициналык камсыздандыруу  Полиси” жөнүндө маалыматтар берилди.

Медицина кызматкерлери студенттерге учурда жашап, каттодо турган жерлерине барып, медициналык текшерүүдөн өтүү зарыл экенин билдиришти.

Аталган факультеттин окутуучусу Ырыскан Батырова, бизде билим алып жаткан жаштардын ден соолугу чың болсо, окууга умтулуп, терең билим ала алышат. Андыктан ар биринин ден соолугуна кам көрүү максатта бул жолугушууну уюштурдук. Мында жаштар керектүү маалыматтарга ээ болуп, адам баласынын жашоосунда ден соолуктун орду чоң экенине ынанышты - дейт ал.

  • МИЛДЕТТҮҮ  МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ  ПОЛИСИ
  • МИЛДЕТТҮҮ  МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ  ПОЛИСИ