AVN







Табигый-техникалык бөлүмүнүн өндүрүрүштүк практикасына жөнөтүүнүн конференциясы

Табигый-техникалык бөлүмүнүн өндүрүрүштүк практикасына жөнөтүүнүн конференциясы
 Nov 2, 2019  568

Жалал-Абад колледжинин “Табигый - техникалык ” бөлүмүнүн БАСк-2-17, БАСк-01-18 тайпаларынын студенттери окуу планы жана окуу процессинин графигине ылайык пландаштырылган өндүрүштүк практикасына  жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү.

Бул конференцияга ЖАКтын өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун  басары Ү.Т.Кайкыева, окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Т.Маматумаров жана аталган ПЦКнын  практика жетекчилери катышышты.

Студенттерге техникалык коопсуздук жана жолдо жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырылды. Жалпы өндүрүштүк практиканын максаты, милдети, студенттер аткаруучу жумуштардын жол картасы, отчеттун талаптары, студенттердин ишканаларга бөлүнүшү жана жетекчилери презентацияланып түшүндүрүлдү. Студенттерге практика мезгилинде кандай иштерди аткарууну жана кандай документтерди толтуруп, тактап келиши боюнча кеңири маалымат берилди.

Практиканттарга жол карталары жана жолдомолору таратылды. Студенттер түшүнбөгөн суроолорун беришти жана ал суроолорго жетекчилер тарабынан керектүү маалыматтарды ала алышты.

  • Табигый-техникалык бөлүмүнүн өндүрүрүштүк практикасына жөнөтүүнүн конференциясы
  • Табигый-техникалык бөлүмүнүн өндүрүрүштүк практикасына жөнөтүүнүн конференциясы
  • Табигый-техникалык бөлүмүнүн өндүрүрүштүк практикасына жөнөтүүнүн конференциясы