AVN

Конфуций институтунда “Спорт – достуктун тиреги!” аттуу стол үстүндөгү теннис мелдеши өткөрүлдү

 Oct 31, 2019  609

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту “Спорт – достуктун тиреги!” аттуу стол үстүндөгү теннис мелдешин окуу жайдын институттарынын, факультеттеринин, колледждеринин окутуучулары, студенттери арасында өткөрүштү.

Иш-чараны окуу жайдын ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов өзү ачып, Конфуций институтунун демилгесин колдоп, катышуучуларга ийгилик каалап, жамаатты сергек жашоо образына, ынтымак-достукка чакырды.

Мелдешке 21 команда катышып, өз даярдыгын, шамдагайлыгын, күчүн көрсөтүштү. Жеңүүчү командалар аныкталып, Конфуций институту тарабынан даярдалган дипломдор, баалуу белектер менен сыйланышты:

Кыздар командасы боюнча:

1-орун: Педагогика факультети;

2-орун: Информатика адистиги;

3-орун: Табият таануу факультети;

Балдар командасы боюнча:

1-орун: Табият таануу факультети;

2-орун: Информатика адистиги;

3-орун: Медициналык факультет.

Эжекелер командасы боюнча:

1-орун: Конфуций институту;

2-орун: Жалал-Абад колледжи;

3-орун: Педагогика факультети

Агайлар командасы боюнча:

1-орун: Ректорат;

2-орун: Жалал-Абад колледжи;

3-орун: Педагогика факульети.

Активдүү катышкан ЭЮФтун кыздар командасы, медициналык колледждин агайлар командасы, педагогика факультетинин балдар командасы кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Конфуций институтунун директору, фил.и.к., доцент М.Шакированын айтуусунда, мелдештин максаты спорт аркылуу кыргыз-кытай мамилелеринин чыңдалышына салым кошуу, окуу жайдын жалпы жамаатына жагымдуу эс алуу, ден соолук, күч-кубат тартуулоо менен бирге, алардын арасында достук алакаларды бекемдөө, стол үстүндөгү теннис спортун өнүктүрүү болгон. Мындай иш-чаралар институттун жылдык планына киргизилип, жылдан-жылга салттуу түрдө чоң масштабдарда өткөрүүнү пландаштырып жатышканын билдирди.   

  • Конфуций институтунда “Спорт – достуктун тиреги!” аттуу стол үстүндөгү теннис мелдеши өткөрүлдү