AVN







Борбордук Азиядагы БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан көп маданияттуу билим берүү боюнча тренинг

Борбордук Азиядагы БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан көп маданияттуу билим берүү боюнча тренинг
 Oct 30, 2019  773

Жалал-Абад мамлекеттик университетинен 30 окутуучу «Тең укуктуулук жана Социалдык Адилеттүүлүккө жардам көрсөтүү программасынын (JSEP) алкагында «Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү мекемелеринин педагогдору үчүн иштелип чыккан «Көп түрдүүлүктөгү биримдик: педагогикалык мамилелер жана технологиялар» методикалык колдонмосун колдонуу боюнча 21-24 сентябрь күндөрү 4-күндүк семинарга катышышты – деп билдирет эл аралык байланыштар бөлүмүнөн уюштуруучулар.

Тренингдин максаты:

  • «КыргызРеспубликасынынжогоркубилимберүү мекемелеринин педагогдору үчүн иштелип чыккан «Көп түрдүүлүктөгү биримдик: педагогикалык мамилелер жана технологиялар» методикалык колдонмосун колдонуу аркылуу Кыргызстан жаштарынын арасында этномаданий көп түрдүүлүк баалуулуктарын жайылтуу жана адам укуктарын бекемдөө кийлигишүүгө жаштарды тартуу»

Тренингдин маселелери:

1. Тренингдин катышуучуларынын   инсандык этномаданий сезгичтик дэңгээлин жогорулатуу;

2. Педагогдордун көп түрдүүлүк  баалуулуктарын жайылтуу жана адам укуктарын реализациялоо боюнча методикалык потенциалын жогорулатуу;

3.Университеттин окуу- ишмердигинин алкагында интермаданий тематика боюнча сабактарды өткөрүүнүн жалпы стратегиясын иштеп чыгуу.

Тренингдин аягында активдүү катышуучулар  тренингди ийгиликтүү аяктаганы жөнүндө күбөлүктөргө жана «Көп түрдүүлүктөгү биримдик: педагогикалык мамилелер жана технологиялар» методикалык колдонмосуна ээ болушту.