AVN







КАРЫЛАР АР УБАК КАМКОРДУККА МУКТАЖ

КАРЫЛАР АР УБАК КАМКОРДУККА МУКТАЖ
 Oct 13, 2017  1036

     Карыларыбызга биз жаш муун кам көрсөк, кийинке келечек бизге кам көрөт деген тилекте, ЖАМУнун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы  философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын социалдык иш адистигинин студенттери  өз демилгелери менен  1-октябрь карылар күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы  20 жалгыз бой карыялардан кабар алышты. Алардын айтымында ар бирине 600 сомдун өлчөмүндө азык-түлүк сатылып  алынып тапшырылган.  Ошондой эле аталган адистиктин студенттери жыл сайын улгайган жарандардын  ал абалын сурап, колдоо көрсөтүүнү  адатка айландырып келишет.Буга чейин ар жылы карылар үйүнө барып, ал жердин жашоочуларын майрамдары менен куттуктап турушканын кошумчалашты.