AVN

ЖАМУда Т. УСУБАЛИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

ЖАМУда Т. УСУБАЛИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
 Oct 30, 2019  658

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кичи жыйындар залында 30-октябрь күнү  чыгаан мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык  конференция өткөрүлдү.

ЖАМУнун ректору К.Ж.Усенов Т.Усубалиевдин өмүр жолундагы жасаган эмгектери тууралуу кеңири сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

Өмүрү өрнөк болгон инсан тууралуу 4 бөлүктөн турган 15 мүнөттүк видеобаяндама көрсөтүлдү.

Профессор-окутуучулар тарабынан төмөндөгүдөй темадагы илимий баяндамалар окулду:

Зулпукаров А. э.и.д., профессор - «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө жана республиканын экономикасын өнүктүрүүдө Т.Усубалиевдин ролу»

Токоева Г.С. филос.и.д. - «Т.Усубалиев кылымдын эс тутуму»

Авазов Э.А. т.и.к., доцент - «Турдакун Усубалиев мамлекеттик жана  коомдук ишмер: тарых баасындагы талаштар»

Жусупова А.А. ф.и.к. - «Вклад Т.Усубалиева в развитие русского языка в Кыргызстане»

Мамытов М.И. окутуучу - «Т.Усубалиев пассионардуу жетекчи»

Талантбекова Б. ТИПФ ЭКО-1-18 тайпасынын студенти - «Турдакун Усубалиев – Улуттун лидери»

Конференциянын жыйынтыгында  студенттер менен Т.Усубалиев тууралуу пикир алуушулар жана суроо-жооптор болду.

  • ЖАМУда Т. УСУБАЛИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ