AVN

КОНФУЦИЙ ИНСТИТУНДА “МЫКТЫ РЕЧЬ”СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

КОНФУЦИЙ ИНСТИТУНДА “МЫКТЫ РЕЧЬ”СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Oct 24, 2019  575

«Мыкты речь» аттуу кытай тили боюнча дүйнөлүк студенттер арасындагы сынактын XVII тууруна катышуу үчүн мыктыларды тандоо сынагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда болуп өттү.

Конкурска институттун 12 тил үйрөнүүчүсү катышты. Алардын сүйлөө речи, кытай сөздөрүндөгү тонду туура айтуусу, кеп байлыгы, оратордук чеберчилиги, сахнада өзүн алып жүрүүсү каралды. Натыйжасында, 3 катышуучу мыкты деп табылды:

1-орун: Кенжебай уулу Бекзат (ЖАКтын кытай тили адистигинин студенти);

2-орун: Абдусалиев Баатырбек (ЭЮФтун кытай таануу адистигинин студенти);

3-орун: Раймкулов Бекмамат (ЖАЭУнун студенти).

Институттун кытай директору Лиао Чангмей төмөнкүдөй ой бөлүштү: “Бул жолу кытай курсунда окуп жаткан жигиттер мыкты чыгышты. Кытай тилинде эркин сүйлөп, өз ойлорун так айта алышты. Балдардын аракетин, ийгилигин көрүп олтуруп кубандык. Конкурстун жеңүүчүлөрү Бишкектеги конкурска катышып, байгелүү орундарды алып келет деп ишенебиз”.

 Жеңүүчү студенттер Бишкекте өтүүчү конкурска жолдомо алышты. Калган катышуучулар институттун грамотасы, баалуу белектери менен сыйланышты.

  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУНДА “МЫКТЫ РЕЧЬ”СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ