AVN







“СОЦИАЛДЫК ИШ” АДИСТИГИ 5 ЖАШТА

“СОЦИАЛДЫК ИШ” АДИСТИГИ 5 ЖАШТА
 Oct 23, 2019  939

Социалдык кызматкерлердин эл аралык күнүнө жана Жалал-Абад колледжинде “Социалдык иш” адистигинин ачылгандыгынын 5 жылдыгына карата «Социалдык иш - камкордук, жакшылык жана кайрымдуулук” аталышындагы майрамдык салтанат болуп өттү.

Аталган саамалык Жалал-Абад колледжинин “Социалдык иш” адистигинин жалпы жамааты тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн Жалал-Абад колледжинин директору, п.и.к., доцент Турдубаева Бариса ачып, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен “Социалдык иш” адистигинде окуган алдыңкы студенттерге өзүнүн стипендиясын жана колледждин Ардак грамоталарын тапшырды. Андан соң студенттер тарабынан даярдалган, концерттик программа тартууланып, анда ыр-бий, обондуу ырлар жана социалдык маселелерди чагылдырган таасирдүү сахналык көрүнүштөр аткарылды. 

Эскерте кетсек, колледжде “Социалдык иш” адистиги 2014-жылдан бери даярдалып келет.

  • “СОЦИАЛДЫК ИШ” АДИСТИГИ 5 ЖАШТА
  • “СОЦИАЛДЫК ИШ” АДИСТИГИ 5 ЖАШТА
  • “СОЦИАЛДЫК ИШ” АДИСТИГИ 5 ЖАШТА
  • “СОЦИАЛДЫК ИШ” АДИСТИГИ 5 ЖАШТА