AVN







КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...

КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
 Oct 23, 2019  654

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, Конфуций күнү белгиленип, анын урматына атайын көргөзмө, маданий кече уюштурулду.

Кеченин салтанаттуу бөлүгүн институттун директору М.Шакирова ачып, Конфуцийдин күнүн белгилөө –институттун салттуу иш-чараларынын бири экендигин айтып, студенттерге кытай тилин үйрөнүү менен бирге улуу даанышман, философ Конфуцийдин акыл-ойлорун,  окууларын кошо үйрөнүп баруу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кытай тараптан директор Лиао Чангмей институттун ишмердүүлүгү жөнүндө сүйлөп, ынтымактуу иш-алып баруу менен институттун гүлдөп-өсүшүнө салым кошууну  каалады.

Бул жолу Конфуций күнү институттун деңгээлинде белгиленип, ага институттун окуу пунктуларынан кытай тилин үйрөнүп жаткан окуучулар келип катышышты.  Жамаат тарабынан даярдалган концерттик программа, каалоо-тилекти дубалга жазуу, торт кесүү, чай майрамы сыяктуу иш-чаралар коюлду.  

Салтанатта Бишкекте өткөрүлгөн “Мыкты дил баян” конкурсунун жеңүүчүлөрү да сыйланышты.

Соңунда институттун жалпы жамааты биргеликте эркин баарлашуу, каалоо-тилек айтуу салтын аткарышты.

  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...