AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
 Oct 11, 2017  1057

     КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун атайын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан  1-октябрь «Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө” карата, 15-сентябрдан 15-октябрга чейин – “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” акциясы жарыяланган. Аталган акциянын алкагында ЖАМУнун бардык факультеттеринин кызматкерлери жана студенттери   Жалал-Абад шаарындагы камкордукка муктаж карыялардан кабар алышууда. 

    Педагогикалык факультетинин окутуучулар жамааты жана студенттери 30-сентябрда шаардык  социалдык өнүгүү башкармалыгынын ДМЧА жана улгайган жарандар бөлүмүндө каттоодо турган улгайган жарандарга азык-түлүк жеткирип беришти. Ошондой эле акчалай да жардам көргөзүшкөн.