AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Oct 21, 2019  606

Жалал-Абад колледжинин  Табигый-техникалык бөлүмүнүн Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКнын окутуучулары тарабынан БАС жана ПОВТАС адистиктеринде окуган студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуугу БАСк-2-19, ПОВТАСк-2-19, ПОВТАСк-01-19, БАСк-2-18, БАСк-3-18, БАСк-2-17, БАСк-01-18 тайпаларындагы студенттеринин ата-энелери келишкен. Бул иш чарада студенттерди тарбиялоодо ата-эненин жана окутуучунун ролун айырмалоого сунуштар боюнча топтук иш жана презентациялар жасалды.

Колледждин окуу тарбия процессин жакшыртуу максатында ата-энелердин ой пикирин ачык айкын  билдирүү үчүн “Күлгүн көз айнек” иштиктүү оюуну катышуучулар тарабынан активдүү аткарылды. Мындан сырткары студенттердин катышуу жана жетишүү боюнча кураторлор тарабынан презентациялар көрсөтүлдү. Жыйынтыгында ата-энелер студенттерге сапаттык билим берүүгө жана тарбиялоого өз пикирлерин билдиришти жана окуу жай менен тыгыз байланышта болууну үндөштү.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ