AVN

“КИТЕП - БИЛИМ БУЛАГЫ, БИЛИМ - ӨМҮР ЧЫРАГЫ

“КИТЕП - БИЛИМ БУЛАГЫ, БИЛИМ - ӨМҮР ЧЫРАГЫ
 Oct 19, 2019  1354

 Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 300 студенти 18-октябрь күнү Курманбек стадионунда уюштурулган “Ктепкөй Жалал-Абад” аттуу китеп фестивалына катышышты. Бул тууралуу ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова билдирди.

«Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп - адамдарды байланыштырат».

Иш-чара  Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Жаштар иштери боюнча комитети жана Кыргыз Республикасынны Маданят, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте өткөрүлүп, конок катары КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, "Энелер мектебинин" негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идирис Айтбаев катышышты. Келген коноктор жаштарга китеп окуунун адамзатка тийгизген таасири жөнүндө пикирин  айтып, алар менен жакындан баарлашып, биргеликте китеп окушту.

  • “КИТЕП - БИЛИМ БУЛАГЫ, БИЛИМ - ӨМҮР ЧЫРАГЫ