AVN







АЛАР БИЗДИН ТАРЫХЫБЫЗ

АЛАР БИЗДИН ТАРЫХЫБЫЗ
 Oct 11, 2017  938

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун атайын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан  1-октябрь «Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө” карата, 15-сентябрдан 15-октябрга чейин – “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” акциясы жарыяланган. Аталган акциянын алкагында ЖАМУнун бардык факультеттеринин кызматкерлери жана студенттер   Жалал-Абад шаарындагы камкордукка муктаж карыялардан кабар алышууда. 

     “Филология факультетинин мугалимдери  5-октябрда  шаардагы кароосуз калган 20 карыядан кабар алышты. Жалпы  11 000 (он бир миң) сомго азык-түлүк алынып,  аларга таркатылган.  Бул иш-чаранын максаты, аларга кам көрүп, жаштарды мээримдүүлүккө үндөө экенин мугалимдер билдиришти. Мээримдүүлүк дүйнөнүн бүтүндүгүн сактап калат. Ал эми карылар биздин тарыхыбыз, бул бейпил жашоону бизге тартуулаган инсандар – деп кошумчалайт алар.