AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
 Oct 16, 2019  526

Педагогика жана маалымат техналогиялар факультетинин  Физика кафедрасынын мугалимдери  Карылар күнүндө Гадаева Фатима энеден кабар алышты.

 «Физика» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын демилгеси менен 1-октябрь – Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын 98 жаштагы тургуну Ф. Гадаева  энеге жардам көргөзүлгөн. Ал  шаардык эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын ДМЧА жана улгайган жарандар бөлүмүндө каттоодо турат.

Менин үч балам болгон, жалгыз уулум согушта каза болсо, бир кызым оорудан көз жумду. Азыркы күнү дагы бир бир кызым оору менен алышып төшөктө жатат, аны өзүм карап жатам. Майрамга карата бизден кабар алып, белектер менен келгениңиздерге өтө ыраазымын” – деди ал.

  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА