Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кичи жыйындар залында Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «Кыргыз тили-Кыргызстандын келечеги» аталышта илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференция Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы ф.и.д. К.Б.Калчекеев тарабынан уюштурулуп, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкери А.С.Сансызбаева, Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.Джумабаева, ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Конференцияда мамлекеттик тилдин бүгүнкү, эртеңки актуалдуу маселелери талкууга алынды. Илимдин докторлору тарабынан төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды.
1-баяндама: ЭшиевА.М. фил.и.д., профессор - «Тилдин коомдогу орду жана функциясы»
2-баяндама: Дарбанов Б.Е.ф.и.д., профессор - «Проблемы пути и перспективы развития кыргызского языка»
3-баяндама: Сакиева С.С. п.и.д., профессор - «Башталгыч класстарда окууга үйрөтүүдөгү инновациялык технологиялар»
4-баяндама: Калчекеев К.Б.ф.и.д., профессор - «Кыргыз тили–Манастын тили»
Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары тарабынан мамлекеттик тилдин келечеги тууралуу суроолор берилип тиешелүү жооптор алынды.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кичи жыйындар залында Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «Кыргыз тили-Кыргызстандын келечеги» аталышта илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференция Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы ф.и.д. К.Б.Калчекеев тарабынан уюштурулуп, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкери А.С.Сансызбаева, Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.Джумабаева, ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Конференцияда мамлекеттик тилдин бүгүнкү, эртеңки актуалдуу маселелери талкууга алынды. Илимдин докторлору тарабынан төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды.
1-баяндама: Эшиев А.М. фил.и.д., профессор - «Тилдин коомдогу орду жана функциясы»
2-баяндама: Дарбанов Б.Е. ф.и.д., профессор - «Проблемы пути и перспективы развития кыргызского языка»
3-баяндама: Сакиева С.С. п.и.д., профессор - «Башталгыч класстарда окууга үйрөтүүдөгү инновациялык технологиялар»
4-баяндама: Калчекеев К.Б. ф.и.д., профессор - «Кыргыз тили–Манастын тили»