AVN







ДИЛ ТАЗАРТКАН САБАКТАН АЙРЫМ ЭЛЕСТЕР...

ДИЛ ТАЗАРТКАН САБАКТАН  АЙРЫМ  ЭЛЕСТЕР...
 Oct 10, 2019  563

ЖАМУнун филология факультетинде  бир сөзү бир аттын наркына тете бааланган С.Орозбаков боюнча доцент Анара Кадырова  пресс-конференция формасындагы  практикалык сабак өткөрдү. Сабакка кыргыз адабиятынын кафедра башчысы Д.Чокоева баштаган окутуучулар, студенттер жамааты катышып,  алар сабакта дилин тазартып, залкар манасчынын жеке стилдик бөтөнчөлүктөрүнө тен берип, анын урпактары болгонуна сыймыктанганын жашырышкан жок.

А.Кадырова сабакты жыйынтыктаганда: ...Аттиң, “Семетей”, “Сейтек” жазылып алынса, дагы бир керемет баалуу мурас колубузда болмок. Шүгүрчүлүк, алгачкы агартуучу жетекчилер элдик дастандарды жаздырууну Сагымбайдан баштаганы дурус болгон экен, бирок уюштуруу иштерин айылдык  жетекчилерге тапшырып, анын аткарылышын көзөмөлдөбөй, манасчынын өнөрүн бир да жолу угуп көрбөй,  маңдайынан алысты көрө албаган  ушакчы башчылардын кебине кирип,  Сагымбайга катуу тилдерин тийгизип, ансыз да басынып жүргөн кишини ого бетер чүнчүткөнү эч кечиримсиз”  - деген оюн айтты.       

Силер, студенттер, эртеңки агартуу майданынын жетекчилерисиңер, айтылган  кемчиликтерден чоң сабак алышыңар керек. Элдин рухий байлыгына, баалуулуктарына  кайдыгерлик менен мамиле кылуу элдин рухун жардылантат, рухтун жакырланышы  мамлекеттин бардык тарабынан алсыздандырылышы болот деп кошумчалады.

  • ДИЛ ТАЗАРТКАН САБАКТАН  АЙРЫМ  ЭЛЕСТЕР...
  • ДИЛ ТАЗАРТКАН САБАКТАН  АЙРЫМ  ЭЛЕСТЕР...
  • ДИЛ ТАЗАРТКАН САБАКТАН  АЙРЫМ  ЭЛЕСТЕР...
  • ДИЛ ТАЗАРТКАН САБАКТАН  АЙРЫМ  ЭЛЕСТЕР...
  • ДИЛ ТАЗАРТКАН САБАКТАН  АЙРЫМ  ЭЛЕСТЕР...