AVN







КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 770 000ДЕЙ ЖАРАНЫ ЧЕТ ЖЕРЛЕРДЕ ЭМГЕКТЕНЕТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 770 000ДЕЙ ЖАРАНЫ ЧЕТ ЖЕРЛЕРДЕ  ЭМГЕКТЕНЕТ
 Oct 10, 2019  551

Кыргыз Республикасынын 770 000дей жараны чет жерлерде мигрант болуп жүрүшөт. Мындай маалыматты Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен миграция кызматкерлеринин ортосундагы жолугушуу учурунда айтылды.

Кыргыз Республикасынын миграция кызматынын башкы адиси Самат Токтосунов, ушул эле кызматтын жетектөөчү адиси Махабат Тынарбекова ЖАМУнун студенттери менен жолугушуп, аталган  кызматтын негизги алып барып жаткан иш багыттары, максаттары, жасала турган иштеринин пландары, программалары, учурдагы миграцияга байланышкан түрдүү маселелер жана аларды чечүүдөгү көйгөйлөрү жана маселелери жөнүндө кенен баяндама жасашты. Жолугушуу эркин форматта өтүп, миграция кызматынын адистери  миграция кызматындагы акыркы маалыматтарга таянып 770 000дей Кыргыз Республикасынын жарандары сыртта жүргөндүгүн, анын ичинен болжолдуу 690 000  жаран Россия Федерациясында, 65 000ге жакын жаран Казакстанда, 30 000 ге жакын жаран Турцияда, 15 000 ге жакын жаран Түштүк Кореяда  жүргөндүгүн, ошондой эле эмгек миграциясы менен 8204 башка өлкөнүн жарандары, анын ичинен 6000 ашууну Кытай жарандары Кыргыз Республикасында эмгектенип жатышкандыгын  маалымдашты. Баяндаманын соңунда эркин талкуу болду.  Студенттер ички жана сырткы, эмгек миграциялары боюнча суроолорду беришип,  тиешелүү жоопторду ала алышты.