AVN







МУГАЛИМ-БИЛИМ АЧКЫЧЫ

МУГАЛИМ-БИЛИМ АЧКЫЧЫ
 Oct 10, 2019  764

Жалал-Абад колледжинде педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн  жаш мугалимдери  тарабынан мугалимдердин кесиптик майрамына арналган  “Мугалим-билим ачкычы” аттуу салтанаттуу кече студенттердин катышуусу  менен уюштурулду.

      Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу кечени педагогика илиминин кандидаты , доцент Турдубаева Бариса Майлыевна куттуктоо сөзү менен ачып берди.  Кечеге ЖАМАнун ректору, техника илимдеринин доктору,профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович  катышып,жалпы мугалимдер жамаатын  кесиптик майрамы менен куттуктады.

 Колледждин студенттери мугалимдерге арналган ырларын,каалоолорун орус, англис, кытай тилдеринде айтышып, мугалимдерге  жагымдуу  маанай тартуулашты.

  • МУГАЛИМ-БИЛИМ АЧКЫЧЫ