AVN







“АЛЛО – БИЗ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ”

“АЛЛО – БИЗ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ”
 Oct 9, 2019  605

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин талаттуу студенттерин тандап алуу максатында “Алло биз талантарды издейбиз”  аталыштагы кастинг жарыяланып, таланттуу жаштар тандалды. Бул тууралуу маданий-эстетикалык борборунун адистери кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кастингге жалпы 30 студент катышып, эң таланттуу 15 катышуучу тандалганын билдиришти.

“Кастингке окуу жайдын факультеттеринен жана колледждеринен  таланттуу комузчу, ырчы, бийчи, куудул, тамшоучу жана алып баруучулукка кызыккан жаш талантар катышышты. Окуу менен катар өз таланттарын өркүндөтүүсүнө салым кошуп, атайын адистердин ийримдерине билим алышат” – деди алар.

Эске салсак, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринен турган “Сезим” бийчилер тобу жана “Жаш канат” комузчулар ансамбли бар.

  • “АЛЛО – БИЗ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ”
  • “АЛЛО – БИЗ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ”
  • “АЛЛО – БИЗ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ”
  • “АЛЛО – БИЗ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ”
  • “АЛЛО – БИЗ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ”