AVN







КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ

КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ
 Oct 4, 2019  654

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетининде Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата “Улут болсом тилим менен улутмун” аталышындагы музыкалык таймаш болуп  өттү. Таймашты доцент К.М.Ураимов, окутуучу А.К.Шишкараевалар уюштурушкан. Бул иш-чарага конок катары ф.и.к., доцент А. Кадырова жана ф.и.д., профессор К.Б. Калчакеевдер келишкен.

 Педагогика багытындагы 1-2 курстун студенттери тарабынан “Мурас” жана “Кыз Сайкал” тобу түзүлүп, концерттик программа даярдалып, майрамдык маанай тартуулашты.  Программада белгилегендей: манас айтуу, акыйнек, макал-лакап айтышуу, салттык көрүнүш сыяктуу номерлер аткарылды. Калыстар алардын аткаруу чеберчилигине баа берип, жеүүчүсүн аныкташты.

Иш-чараны жыйынтыктап жатып, БББТМ кафедрасынын башчысы, профессор С.Сакиева бул таймаштын жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, уюштуруучуларга жана жалпы кафедранын мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирди. Жыйынтыгында 1-курстун “Мурас” тобу эки упай артыкчылыгы менен 2-курстун “Кыз Сайкал” тобун жеңди. Алар биринчи жана экинчи даражадагы дипломдор менен сыйланышты.  

  • КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ
  • КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ
  • КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ
  • КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ
  • КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ
  • КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ
  • КЫЗ САЙКАЛДЫ МУРАС ЖЕҢДИ