AVN







КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ

КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
 Oct 3, 2019  1122

 Жалал-Абад колледжинин жыйындар залында 1-курстун  студенттери менен шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ортосунда жолугушуу болду.

Жолугушуу  “Кылмыштуулуктун алдын алуу” аталышында болуп, ШИИБнын башчысы, милициянын полковниги Эрнис Молдокеев катышты.

Ал өз сөзүндө жаш өспүрүм балдарды кылмыштуулукка барбоого үндөп, милиция кызматкерлерине жардам берүугө чакырды.

“Учурда жаштар арасында кызуу кандуулукка алдыруунун кесепетинен  кылмыштуулуктун саны арбып барат. Өзүнөрдүн жана жакындарыңардын коопсуздугу үчүн сырткы чөйрөдө кооптуу жагдай пайда болгон учурда 101 номуруна чалгыла же милиция бөлүмүнө кайрылгыла” – деди ал.

Окууңарды аяктаган соң, тандаган кесибиңердин ээси болосуңар. Андыктан  укук таануу адистигинин студенттери тажрыйба алуу үчүн биздин мекемеге барып, кызматкерлер менен тыгыз иштешүүгө чакырам деген оюн кошумчалады.

  • КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
  • КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
  • КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
  • КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
  • КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
  • КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
  • КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
  • КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ