AVN







ЖАМУда КАРЫЯЛАР СЫЙЛАНДЫ

ЖАМУда КАРЫЯЛАР СЫЙЛАНДЫ
 Oct 3, 2019  699

Баштан далай оор турмушту өткөргөн,
Салабаттуу айткан сөзү төп келген.
Каада күтүп, касиетти карманып,
Карыялар бул жашоого көрк берген.

 

Көркөм сөздү көөдөнүнө куюшкан,
Көкүрөккө салт-санааны уюткан.
Көпкө жашап, көптү көрүп турмушта,
Келечекти көөдөн менен туюшкан.

 

Төрдүн көркү, элдин көркү карылар,
Төрүбүздө урмат көрчү маалыңар.
Дем күч болуп жалындаган жаштарга,
Ден соолукта жүрүңүздөр баарыңар.

 

Сиздер барда кыргыз элдин жаны бар,
Сиздер барда бул өмүрдүн шаңы бар.
Калк ичинде кадырыңар бек болуп,
Кайратыңар ташып турсун карылар.

 

1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 45-сессиясында эл аралык карылар күнүн белгилөө боюнча талкуунун жыйынтыгы менен  1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп жарыяланып, ушул күнгө чейин белгиленип келет. Мына ушул майрамдын урматына Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин  ректору т.и.д., профессору К.Ж.Усенов университетте бир топ жылдан бери эмгектенип келе жаткан улгайган аксакал агай эжейлерди майрамы менен куттуктап, бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат дөөлөттүү карылык, иштеринде албан ийгиликтерди каалап  1.10.2019-ж. №222 буйругу менен  төмөнкү профессор-окутуучуларды 1000 (бир миң) сом акчалай сыйлык менен сыйлайт (Ар биринин карточкасына которуу жолу менен). 

 

  1. Алыбаев Курманбек  - АУП
  2. Токтогулов Сатылган  - ПМТФ
  3. Халдарова Ырыс  - ПМТФ
  4. Сулайманов Эртабылды  - ПМТФ
  5. Айдаркулов Кадыркул - ПМТФ
  6. Кыдыралиев Сабыржан -  ПМТФ
  7. НазаралиеваЭркайым - ПМТФ
  8. Мойдунов Таирбек - ПМТФ
  9. Зулпукаров Аманкул  - ЭЮФ
  10. Турдубеков Бекижан - ЭЮФ
  11. Аширалиев Абдиумаматкадыр - ТТФ
  12. Исмаилов Келдибек - ТТФ
  13. Аманкулова Талчакан   - ТТФ
  14. Алыбеков Эмилбек - ТТФ
  15. Касымов Мукамбет - ТТФ
  16. Матсаков Каныбек - МФ
  17. Кожалиев Алайчы - МФ
  18. Айтмырзаев Жээналы - МФ
  19. Эшмуратов Абдурахман   - МФ
  20. Жолдошбаева Мастура    - МФ
  21. Асанова Карачач - МФ
  22. Оморов Айтмамат - ФФ
  23. Абдувалиев Ибраим  - ФФ
  24. Акжолов Аким - ФФ
  25. Кадырова Анара - ФФ
  26. Эшиев Асылбек -  ФФ
  27. Божуева Эркингүл - ФФ
  28. Сайранбаев Жолон    - МК
  29. Калманбетова Гүлсүнай   - ЖАК
  30. Осмонова Фарида   - ЖАК
  31. Куваков Жеңишбек   - ЖАК
  32. Козубаев Маматазим   - ЖАК
  33. Разаков Мазакбай  - ЖАК
  34. Садыкова Наказа  -  ЖАК