AVN







ДОНОРЛОР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ДОНОРЛОР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Sep 29, 2017  1041

Жалал-Абад шаарында 28-сентябрь күнү  “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл  Ай Коому” коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусттук өкүлчүлүгү тарабынан кан донорлорунун улуттук күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулду.  Ага Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин 150 студенти катышып,  медициналык колледждин жатаканасынан облустук  кан борборуна чейин катышуучулар жөө басышты.

    Аталган иш-чаранын максаты жаштардын ден соолугуна кам көрүү жана аларды спортко үндөө. Ошондой эле жаштар биздин келечегибиз алардын ден соолугу бекем болсо, улуттун дени сак болот деген ойлорун билдиришти уюштуруучулар.