AVN







Кафедра Филология и педагогика

Кафедра Филология и педагогика

Кафедра башчысы, улук окутуучу


Нурматова Гүлшайыр Мамбетовна


Адрес: г.Таш-Кумыр, ул. Студенческая 4

Телефон: 0770 698 091

E-mail: nurmatova.gulshayr@gmail.com


ЖАМУнун ректорунун 1996-жылдын 15 майындагы №75 буйругу менен Таш-Көмүр технологиялык факультетинин алдында окутуу-консультативдик пункту (ОКП) ачылып, сырттан окуу бөлүмүнө кыргыз тили жана адабияты, биология, башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу адистиктерине кабыл алуу жүргөн.

1998-1999-окуу жылдарында шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана ата-энелердин өтүнүчтөрүнүн негизинде кыргыз тили жана адабияты, биология, башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу адистиктери боюнча күндүзгү окуу бөлүмүнө кабыл алуу жүргүзүлө баштаган.

2007-жылы “Педагогика” кафедрасында студенттердин көбөйгөндүгүнө байланыштуу “Педагогика жана социалдык гуманитардык дисциплиналар” жана “Филология” кафедралары болуп бөлүнгөн.

2011-жылы “Филология” жана “Педагогика жана социалдык гуманитардык дисциплиналар” кафедралары бириктирилип “Филология жана Педагогика” кафедрасы болуп түзүлгөн.

“Филология жана педагогика” кафедрасы тарабынан билим берүү тармагына зарыл адистерди жогорку деңгээлде даярдоо максатында кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары белгиленген. Кафедрадан билим алган студенттер облустук билим берүү мекемелеринде, мектептерде, бала-бакчаларда практикадан өтүп, теориялык алган билимдерин практика менен айкалыштырып, өздөрүнүн келечектеги адистикке даяр экендиктерин көрсөтүп келишүүдө.

Бүгүнкү күндө 300дөн ашык бүтүрүүчү Билим берүү мекемелеринде, бала-бакчаларда үзүрлүү эмгектенип, теориялык алган билимдерин практика жүзүндө жүзөгө ашырып жатышат.

Кафедрада заманбап талабына ылайыкташтырылып жасалгаланган лекциялык, практикалык сабактар өткөрүлүүчү кааналар түзүлүп, жасалгаланган. Кафедрада төмөндөгү багыттар боюнча адистерди даярдоо жүрүп жатат:

1. 520301 Филология (кыргыз филологиясы)

2. 550700 Педагогика (Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы)

“Филология жана педагогика” кафедрасы 2011-жылдан бери түптөлүп, кафедранын окутуучулары жана бүтүрүүчү студенттери көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө. Кафедрада бүгүнкү күндө 2 педагогика илимдеринин кандидаты, 2 доценттин милдетин аткаруучу, 3 ага окутуучу, 2 окутуучу эмгектенет. Жаштарды тарбиялоого жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн ТИПИнин, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын, ЖАМУнун, областтын, Кыргыз Республикасыныны Билим берүү министрлигинин “Ардак грамоталары” жана Кыргыз Республикасыныны “Билим берүүнүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйланышкан. Жогоруда аты аталган окутуучулардын бир нече окуу усулдук колдонмолору, илимий макалалары, окуу куралдары, монографиялары жарык көргөн.

Кафедранын материалдык-техникалык базасы жөнүндө белгилесек: 4 лекциялык каана, 3 практикалык, семинардык сабактар өтүлүүчү кааналар, атайын уюшулган “Мамлекеттик тил борбору”, “Ч.Айтматов борбору” жана ар бир окутуучу үчүн кааналар бар, көпчүлүк кааналар заманбап талабына ылайык техникалык каражаттар менен камсыз болгон.

Студенттердин арасында өткөрүлгөн олимпиадаларга, илимий практикалык- конференцияларга катышып, студенттерибиз алдыңкы орундарды багындырып диплом жана сертификаттар менен сыйланып келе жатат.

“Филология жана Педагогика” кафедрасын ийгиликтүү аяктап, азыркы мезгилде жаш жеткинчектерге талыкпастан үзүрлүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз менен да сыймыктанабыз. Алар бүгүнкү күндө ардактуу кесипти аркалап, өздөрүнүн жогорку педагогикалык чеберчилигин көрсөтүү менен билим берүү мекемелеринде окуу бөлүмүнүн башчысы, мектептин, бала-бакчанын директору жана башка мекемелерде жогорку кызматтарды аркалап келүүдө.


Биздин окутуучулар окутуунун жаңы технологиялары менен лекциялык жана семинардык сабактарды өтүп, студенттерге өз билимдерин берип келүүдө.

Азыркы мезгилде талыкпастан үзүрлүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз.

“Ааламга кеткен жол алакандай уядан башталат” – дегендей биздин бүтүрүүчүлөрүбүз жооптуу, ары түйшүктүү келечектеги жаш муундарга талыкпастан билим берүүлөрү факультеттин жана кафедранын сыймыгы жана ийгилиги деп эсептейбиз.

 

Кафедрадагы борборлор

Таш- Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинде “Мамлекеттик тил борбору” 2007- жылдан бери иш жүргүзүп келүүдө. Бүгүнкү күндө борборду улук окутуучу Курманалиева Гүлнуркан Жакыпбековна жетектеп келет. Мамлекеттик тил борборунун жобосу, паспорту түзүлгөн. Жыл сайын иш план түзүлүп, ошонун негизинде иш жүргүзүлөт. Негизинен бул борбор иш кагаздарын кыргыз тилинде жазылышын камсыздайт. Таш- Көмүр шаардык мэриясы тарабынан мыкты “Кыргыз тили кабинети” сынагында “Мыкты мамлекеттик тил борбору” деп табылып, “Ардак грамота” менен сыйланган.

 

 

Мындан тышкары “Ч.Айтматов таануу борбору” да уюштурулган. Бул борборду окутуучу Мырзабекова Айзада Ыманалыевна жетектеп келет. Жыл сайын иш план түзүлүп, ошол иш пландын негизинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана адабият күнүнө карата китеп көргөзмөсү жана студенттер арасында атайын иш чаралар өткөрүлүп келет.

 

 


Нурматова Гүлшайыр Мамбетовна

Кафедра башчысы, улук окутуучу

ЖАМУнун филология факультетин 2006-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун 2006-жылы Таш-Көмүр технологиялык факультетинде үйрөнчүк окутуучу болуп иштөө менен баштаган. “Филология жана педагогика” кафедрасын 2021-жылдан бери жетектөөдө.


Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна

п.и.к., доценттин м.а.

ОшМУнун физика – математика факультетин 1993- жылы аяктап, эмгек жолун Таш-Көмүр шаарындагы № 7 орто мектебинде математика мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1999- жылдан баштап, окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы, илим, сапат жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келүүдө. 2012-жылы “Техникалык жогорку окуу жайларында математиканы окутуу процессинде болочок инженерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу” кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты Окумуштуулук даражасына ээ болгон. Учурда ЖАМУ ТИПФнын окуу иштери боюнча декандын орун басары.


 

Субанов Бекжан Абдыжалилович

п.и.к., доцент

ЖАМУнун жаңы маалыматтар технологиясы факультетин 2002- жылы аяктап, эмгек жолун 2002- жылы Таш-Көмүр технологиялык факультетинде үйрөнчүк окутуучу болуп иштөө менен баштаган. Бул жылдар аралыгында окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы, дистанттык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп эмгектенип келди. 2017- жылы “Экономика адистиктеринин окуу процессинде маалыматтык жана коммуникативдик технологияларды пайдалануунун дидактикалык шарттары” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты Окумуштуулук даражасына ээ болгон. Учурда ЖАМУ ТИПФнын деканы.

 


 

Керимкулова Калима Нурматбековна

улук окутуучу

Фрунзе педагогикадык институтунун орус тили жана адабияты факультетин 1985- жылы аяктаган. Эмгек жолун Жаңы Жол районундагы Өлөң Булак орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1993- жылдан бери Таш- Көмүр инженердик- педагогикалык факультетинде эмгектенип келүүдө.


 

Курманалиева Гулнуркан Жакыпбековна

улук окутуучу

ОшМУнун филология факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигин 2001- жылы аяктаган. Эмгек жолун Аксы районундагы “Жеңижок” орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 2002- жылдан бери Таш- Көмүр инженердик- педагогикалык факультетинде эмгектенип келүүдө. Бул жылдар аралыгында окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы болуп иштеген. Учурда Социалдык жана мамлекеттик тил боюнча декандын орун басары болуп эмгектенүүдө.


 

Абдуллаева Мырзайым Ашыралиевна

окутуучу

ЖАМУнун Таш-Көмүр технологиялык факультетин 2007-жылы аяктап, эмгек жолун № 40 Токтогул атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 2016-жылыдан бери Таш-Көмүр инженердик- педагогикалык факултетинде окутуучу болуп эмгектенип келүүдө.


 

Мырзабекова Айзада Ыманалыевна

окутуучу

ОшМУнун филология факультетинин ”Кыргыз тили жана адабияты” адистигин 2006- жылы аяктаган. Эмгек жолун 2007- жылы Таш-Көмүр технологиялык факультетинде үйрөнчүк окутуучу болуп иштөөдөн баштаган. 2011- жылы Таш-Көмүр шаарындагы № 3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалим, класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу болуп иштеген. 2015- жылдан бери ЖАМУ ТИПФнын “Филология жана Педагогика” кафедрасында окутуучу болуп эмгектенип келүүдө.